Көрүүсү начарлар үчүн версия

19.06.2025

Кароолор: (24)

ЖОЛ ЭКОНОМИКАНЫН КҮРӨӨ ТАМЫРЫ

Бүгүн Айтматов районунда жол тармагында аткарылып жаткан иштерге Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Умаров Нурланбек Эшматович көңүл бөлдү. Тактап айтканда Талас облусунун элинин негизги суранычы болуп келген Суусамыр - Талас - Тараз унаа жолунун курулушуна даярдыктардын жүрүшү менен таанышты жана быйылкы жылда боло турган райондогу инфраструктуралык  өзгөртүүлөргө ылайык келүүсү боюнча пикирлер талкууланды. Мындан тышкары андагы иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандар менен жергиликтүү калк  ортосунда ынтымак мамиленин сакталуусу жана район аймагында өздөрүн алып жүрүүсү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Учурда Кара-Буура айыл аймагынын Бейшеке айылынын негизги көчөсүнө республикалык бюджеттин эсебинен төшөлүп жаткан асфальттын абалы менен айыл өкмөт башчысы Б.Стамкулов жана 6-жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Э.Биримкулов менен биргеликте төшөлүп жаткан асфальттын сапатына көңүл бурулду.

Өзгөчө белгилей кетүү маалымат быйылкы жылда өлкө башчысынын жана облус башчысынын жардамы менен ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен районубузда Суусамыр - Талас - Тараз жолунан тышкары 50 чакырымдан ашык жол асфальттала турган болууда.