Көрүүсү начарлар үчүн версия

12.05.2025

Кароолор: (48)

“Жашыл мурас”өнөктүгүн райондук деңгээлде аткаруу жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жашыл мурас”өнөктүгүн райондук деңгээлде аткаруу максатында жыл башында райондук коллегиянын чечими менен айыл өкмөт башчыларына тапшырма берилген. Бүгүнкү күндө “Жашыл мураска”  Кара-Буура айыл өкмөтү – 300,0 миң сом, Чолпонбай айыл өкмөтү – 250,0 миң сом, Аманбаев айыл өкмөтү – 349,0 миң сом жана Шекер айыл өкмөтү – 200,0 миң сом карап, жалпы 12612 даана көчөттөр отургузулган. Анын ичинде жылда бир аймакты кошумча көрктөндүрүп туруу максатында  Кара-Буура жаратылыш паркы тарабынан 5000 терек жана 1240 кара өрүк көчөтү Шекер айыл аймагындагы 5 гектар жер аянтына отургузулду. Азыркы учурда көчөттөрдүн өнүмдүүлүгү боюнча көзөмөл жүргүзүлүүдө.