18.04.2025
Кароолор: (67)
ЖАШЫЛ МУРАС УЛУТТУК ӨНӨКТҮГҮ УЛАНУУДА
Бүгүн Айтматов районунун Шекер айылындагы Кара-Буура жаратылыш паркынын 5 га жер аянтына "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басарларынын жана райондук мекеме-уюмдар менен мугалимдердин катышуусунда кара өрүк менен теректердин көчөттөрүн отургузуу иш-чарасы болуп өттү.
Аталган 5 га жер аянтынын 2,5 гектарына Кара-Буура мамлекеттик жаратылыш паркы тарабынан теректер жана 2,5 гектарына билим берүү тармагынын кызматкерлери тарабынан кара өрүктүн жалпы 5000 түп көчөт отургузулду.











