Көрүүсү начарлар үчүн версия

10.04.2025

Кароолор: (40)

ЖАШЫЛ МУРАС УЛУТТУК ӨНӨКТҮГҮ УЛАНУУДА

Бүгүн Айтматов районунун Шекер айылындагы сейил багына "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгүнүн алкагында Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Салтанат Мамбетованын жана Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыгул Мураталиева менен жергиликтүү тургундардын катышуусунда туянын, ийне жалбырактуу жана ак кайыңдын көчөттөрүн отургузуу иш-чарасы болуп өттү.

Аталган көчөт отургузууга айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 200 000 сом акча каражаты каралып, 1,7 га жер аянтына 135 түп туя, 130 түп арча, 130 түп кайың жалпы 395 түп көчөт Шекер айылындагы жаңы сейил бакка отургузулду.