Көрүүсү начарлар үчүн версия

08.05.2025

Кароолор: (68)

УЛУУ ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫНЫН АЛКАГЫНДА СОВЕТТЕР СОЮЗУНУН БААТЫРЫ ЧОЛПОНБАЙ ТҮЛӨБЕРДИЕВДИН АЙКЕЛИ ТУРГУЗУЛДУ

Бүгүн Айтматов районунун Чолпонбай айылында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгын утурлай Чолпонбай айыл өкмөтүнүн демилгеси менен Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин айкели тургузулуп, ачылыш аземи өткөрүлдү.

Аталган майрамдык иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакованын жана райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү тургундар катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө келген конокторго Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын өнөрпоздору тарабынан даярдалган баатырдын согуш талаасындагы эрдиги көргөзүлсө, райондук маданият бөлүмү жана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан концерттик программалар тартууланды.

Айкелди орнотуу жагы Чолпонбай айыл өкмөтү тарабынан демилгеленип, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 960 000 сомго 5,2 м бийиктиктеги Чолпонбай Түлөбердиевдин айкели орнотулду.

Эске салсак Кыргыз элинин кыраан уулу Чолпонбай Түлөбердиев Кыргыз ССРинин Талас облусундагы Киров районуна караштуу Чымкент кыштагында туулган. Эр жеткенде комсомолго өтүп, колхоздун түрдүү жумуштарында иштеген. 1941-жылы сентябрь айында аскерге чыкырылып, согушка кеткен.
Чолпонбай Түлөбердиев гитлердик баскынчылар менен болгон айыгышкан кармашта Воронеж облусундагы Георгиу-Дежский районундагы Селявный кыштагын бошотууда 1942-жылы 6-августта душмандын амбразурасын (пулемёттон ок чачып турган дзотту) денеси менен жаап, баатырдык менен курман болгон. Мындай эрдиги үчүн Чолпонбай Түлөбердиевге 1943-жылы 4-февралда "Советтер Союзунун Баатыры" деген наам берилген.

Ошондой эле анын кичи мекени болгон Чымгент кыштагына анын ысымы ыйгарылган.