13.03.2025
Кароолор: (51)
СУУСАМЫР-ТАЛАС-ТАРАЗ ЭЛ АРАЛЫК МААНИДЕГИ ЖОЛУНУН РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО ДОЛБООРУНУН 4-ФАЗАСЫН КУРУУ ИШТЕРИНЕ ДАЯРДЫКТАР ЖҮРҮҮДӨ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын14-мартындагы "Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкелердеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндөгү" #56 Жарлыгынын жана Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 18-ноябрындагы #228 сандуу буйругунун негизинде бүгүн Бакыян айылынын жол жээктериндеги кызыл сызыкка чыгып кеткен турак-жайларды жылдыруу боюнча жергиликтүү тургундар менен райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Ш.Тургунов менен атайын түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусунда жолугушуулар болуп өттү.
Анда тургундарга мыйзамсыз курулуштарды белгиленген чекке жылдыруу жана ошондой эле Суусамыр-Талас-Тараз жолун реконструкциялоо жумушунун 4-фазасынын жүрүшүнө тоскоолдуктарды жаратпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.



