Көрүүсү начарлар үчүн версия

25.04.2025

Кароолор: (51)

СУУСАМЫР-ТАЛАС-ТАРАЗ АВТОЖОЛУН РЕКОНСТРУКЦИЯЛООНУН IV ФАЗАСЫНА СТАРТ БЕРИЛДИ

Бүгүн Айтматов районунда Суусамыр-Талас-Тараз автожолун реконструкциялоонун IV фазасына старт берилди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Абсатар Сыргабаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Шекербек Тургунов жана жол кура турчу Кытай фирмасынын өкүлдөрү катышып, старт берилди.

Талас облусунун 3 районунун аймагын камтыган жалпы 93 кмди түзгөн "Суусамыр-Талас-Тараз" эл аралык маанидеги автожолун реконструкциялоонун IV фазасы "Ислам" өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен 3 жылдык мөөнөттүн аралыгында соңуна чыгуу жагы күтүлүүдө.