20.06.2025
Кароолор: (35)
СОЦИАЛДЫК КОНТРАКТЫН СЕРТИФИКАТТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

2025-жылдын 20-июнунда Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы Социалдык контракттын алкагында социалдык жардам берүү жөнүндө 385 токтомунун негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 150 000 сомдук сертификаттарды тапшыруу иш-чарасы болуп өттү.
Аталган иш-чарага Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурланбек Умаров катышып, район аймагындагы аз камсыз болгон 60 үй-бүлөгө 150 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатынын сертификаттары өздөрүнүн долбоорлорун ишке ашыруу үчүн берилди.
Район жетекчиси мамлекет тарабынан берилип жаткан 150 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын туура жана максаттуу пайдаланууга чакырып, аталган долбоор президентибиз Жапаров Садыр Нуркожоевичтин демилгеси менен ишке ашырылып жаткандыгы жана ушуга окшогон бир катар социалдык долбоорлор аркылуу калктын аярлуу катмарында жашаган аз камсыз үй-бүлөлөрдүн санын азайтууга багытталып жаткандыгын билдирди.
Белгилей кетүүчү жагдай 2025-жылга Айтматов районундагы 322 үй-бүлө менен социалдык келишимдерди түзүү жагы каралып жаткан болсо, 1-этап менен 60 үй-бүлөнүн социалдык келишимдеринин сертификаттары тапшырылды.
Эске салсак аталган долбоор башталган 3 жыл аралыгында Айтматов районунан 825 үй-бүлө менен социалдык келишимдер түзүлүп, ийгиликтүү ишке ашырылууда. Алардын дээрлик көпчүлүгү мал чарбачылыгы, кийим тигүү ж.б тармактар менен иш алып барышууда.