10.07.2025
Кароолор: (53)
РАЙОНУБУЗДАГЫ КАМКОРЧУЛУККА АЛЫНГАН БАЛДАРДАН КАБАР АЛЫНДЫ
Айтматов районундагы камкорчулукка алынган балдарыбыздын жашоо шарты менен таанышып, көзөмөл жүргүзүү максатында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары С.Мамбетова, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын, айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү биргеликте жеринде барышып кабар алышты.
Бүгүнкү күндө жаш өспүрүмдөргө карата болуп жаткан зордук зомбулуктун алдын алуу максатында камкорчулукка алган жарандарыбызга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдарга такай көзөмөл жүргүзүү жагы эскертилди.

