31.12.2025
Кароолор: (5)
РАЙОН ЖЕТЕКЧИСИ СПОРТЧУЛАРДЫ СЫЙЛАДЫ
Бүгүн Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким Нурланбек Умаров райондун дүйнөлүк деңгээлдеги жетишкен ийгиликтери менен айырмаланган спортчуларын кабыл алып, сыйлык тапшырды.
Атап айтканда, спорттун эркин күрөш түрү боюнча 23 жашка чейинкилер арасында өткөн дүйнөлүк чемпионатта 1-орунду камсыз кылган Нуртаева Нурзатты жана ошондой эле 24–29-ноябрь күндөрү Япониянын Токио шаарында өткөн эркин күрөш боюнча цуда олимпиадалык мелдеште 74 кг салмак категориясында 1-орунду багындырган Жапаркулов Адилетти жана жыл ичинде бел боо күрөшү, улуттук күрөш жана алыш күрөшү боюнча ар кандай мелдештерге активдүү катышып, байгелүү орундарды ээлеп келген Тологонов Малик, Рыспеков Дастан, Алтымышев Нургелди жана Рамазанов Сыргабайларды айыл өкмөттөр менен биргеликте акчалай жана ардак грамоталар менен сыйлады.
Район жетекчиси спортчуларды жогорку жетишкендиктери менен куттуктап, мындан аркы мелдештерде да ийгиликтерди каалады.
