08.12.2025
Кароолор: (8)
РАЙОН ЖЕТЕКЧИСИ ШЕКЕР АЙЫЛЫНДАГЫ КҮЙҮП КЕТКЕН БАЛА БАКЧАДАГЫ БАЛДАРДЫ УБАКТЫЛУУ БАШКА ИМАРАТКА ЖАЙГАШТЫРУУ БОЮНЧА ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТКАН ИШТЕРДЕН КАБАР АЛДЫ
Бүгүн, 2025-жылдын 25-ноябрь күнү Айтматов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Нурланбек Умаров Шекер айылында №7 «Келечек» балдар бакчасында орун алган өрт кырсыгынан кийин балдарды убактылуу жайгаштыруу маселеси боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринен таанышты.
Өрттөн жабыркаган имараттагы тарбиялануучуларды коопсуз жана ыңгайлуу шарттагы убактылуу жайга көчүрүү максатында тиешелүү кызматтар жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда бардык зарыл чаралар көрүлүүдө. Район жетекчиси балдарды кабыл ала турган убактылуу имараттын ички шарттарын, коопсуздук талаптарына жооп берүүсүн, жылуулук жана санитардык-гигиеналык абалын жеринен барып карап чыкты.
Мындан сырткары, балдарга тийиштүү тарбиялык процесс үзгүлтүккө учурабашы үчүн керектүү материалдык-техникалык базаны камсыздоо, кошумча жабдууларды жеткирүү жана тарбиячылардын ишин үзгүлтүксүз улантуу маселелери талкууланды.
Аким Нурланбек Умаров тиешелүү кызматтарга балдардын коопсуздугун жана аларга түзүлгөн шарттарды биринчи кезектеги милдет катары карап, иштерди ыкчам жана сапаттуу аткарууну тапшырды.


