11.07.2025
Кароолор: (55)
РАЙОН ЖЕТЕКЧИСИ СЕЛ КАПТАГАН АЙМАК МЕНЕН ЖАНА РАЙОНДУК ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР БӨЛҮМҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Бүгүн Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурланбек Умаров, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Замир Кокоев жана Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Умарбековдор 2025-жылдын 10-июлундагы нөшөрлөп жааган жаандан улам Аманбаев айыл аймагынын Ак-Башат айылынын Ак-Жар участогунда жүргөн сел боюнча жеринде барып абал менен таанышып келишти.
Район жетекчиси Нурланбек Умаров райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчисинен тез-аранын ичинде сел болгон аймак боюнча тиешелүү иш-кагаздарды даярдап, келтирилген зыянды аныктоону тапшырса, айыл өкмөт башчысына чарбалык ички жолдорду калыбына келтирүү боюнча ыкчам иш алып барып, кыска убакыттын аралыгында дыйкандар толук шарттарды түзүп берүү боюнча тапшырма берди.
Күндүн экинчи жарымында район жетекчиси Айтматов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ишмердүүлүгү жана эмгек жамааты менен жеринен барып таанышып келди.
Эске салсак 2025-жылдын 10-июль күнү саат 19:48 чамасында Айтматов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн байланыш түйүнүнө Аманбаев айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Башат айылында жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөндүгү боюнча билдирүү берилген. Ошол эле замат маалыматтын негизинде саат 19:50 мүнөттө Айтматов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылып, Ак-Башат айылынын Ак-Жар өзөнүнөн агып келип сел тоскучтан ашып ички чарба жолдорду суу жүуп кеткендиги аныкталган. Селдин кесепетинен турак жайлар, сарайлар, эгин талаала жабыркаган эмес.

