Көрүүсү начарлар үчүн версия

16.06.2025

Кароолор: (10)

РАЙОН ЖЕТЕКЧИСИ РАЙОНДУН БОРБОРУ КЫЗЫЛ-АДЫР АЙЫЛЫНА САЛЫНА ТУРЧУ ЖОЛДОР ЖАНА ТРОТУАРЛАР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Бүгүн район жетекчиси Нурланбек Умаров 2025-жылы Айтматов районунун борбору Кызыл-Адыр айылындагы оңдолуп асфальт төшөлө турчу ички жолдор жана тротуарлар менен жеринен барып таанышты.

Таанышуунун жүрүшүндө район жетекчиси тиешелүү райондук мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана кызматкерлерге кызыл сызыкка чыгып, негизги жолдорду кеңейтүүгө жана тротуар төшөөгө ыңгайсыздык жараткан жеке турак үйлөрдүн ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзам чегинде белгиленген чекке жылдыруу жагын тапшырды.

Эске салсак аталган долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин демилгеси жана Кыргыз Республикасынын Президентинин фондусунун каржылоосу менен райондун борборунун инфраструктурасын жакшыртып, райондун жашоочулары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кызыл-Адыр айылындагы Ала-Арча, Токтогул, Макулбек, Осмоналиев, М.Айтматов, Кожомуратов, Ленин, Ч.Айтматов, Чолпонбай, Чаткал жана жаңы конушка жалпы 12 500 м асфальт жол, 20 300 м тротуар салуу жагы пландалган.