17.06.2025
Кароолор: (22)
РАЙОН ЖЕТЕКЧИСИ КЫЗЫЛ-АДЫР АЙЫЛЫНДАГЫ КЫЗЫЛ СЫЗЫККА ЧЫККАН ЖОЛДОР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Бүгүн район жетекчиси Нурланбек Умаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин демилгеси жана Кыргыз Республикасынын Президентинин фондусунун каржылоосу менен ишке ашырылуу алдында турган райондун борборунун инфраструктурасын жакшыртып, райондун жашоочулары жана коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кызыл-Адыр айылындагы борбордук жана ички көчөлөрүн иретке келтирүү менен таанышты.
Таанышуунун жүрүшүндө район жетекчиси Айтматов районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына жана Кара-Буура айыл өкмөтүнө кызыл сызыкка чыгып, жолдорду кеңейтүүгө жана тротуар төшөөгө тоскоолдук жараткан жеке турак үйлөрдүн ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзам чегинде белгиленген чекке жылдыруу жагын тапшырды.