03.12.2025
Кароолор: (13)
РАЙОН ЖЕТЕКЧИСИ ДЕН СООЛУГУНАН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН ЖАРАНДАРДАН КАБАР АЛДЫ
Бүгүн Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурланбек Умаров 3-декабрь ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин Эл аралык күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында район аймагындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан кабар алып, материалдык колдоолорду көргөздү.
Мындан сырткары район аймагындагы бир катар жеке ишкерлерге жана райондук мекеме-уюмдардын жетекчилерине мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз бекитилип берилип, колдоолор көргөзүлдү.
Колдоо көрсөткөн мекеме-уюм жетекчилерине жана жеке ишкерлерге терең ыраазычылык билдиребиз!
Ошондой эле 3-декабрь ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин Эл аралык күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Кызыл-Адыр айылындагы “Аяржан” күндүзгү балдардын реаблитациялык борборундагы балдарга белек баштыктар тапшырылып берилди.





