01.07.2025
Кароолор: (31)
РАЙОН ЖЕТЕКЧИСИ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ҮЙ МУЗЕЙИНИН КУРУЛУШУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
30-июнь күнү Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурланбек Умаров Шекер айылында курулуп жаткан заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун үй музейи менен таанышып, айыл өкмөтү башчысына тиешелүү тапшырмаларды берди.
Эске салсак аталган үй музейди курууга Шекер айылынын тургуну өзүнүн менчигиндеги жерден 0,05 га жер тилкесин бөлүп берип, аталган жерге музейдин курулушу башталган.
Бүгүнкү күндө курулуштун биринчи этабы облустук фонддун каржылоосу менен 4 957 316 сомго бүткөрүлүп, экинчи этабынын курулушуна акча каражатын бөлүп берүү боюнча тиешелүү жактар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Үй музейинин жалпы сметалык наркы 9 737 709 млн сомду түзөт.
