Көрүүсү начарлар үчүн версия

25.03.2025

Кароолор: (27)

РАЙОН АЙМАГЫНДА ЗОРДУК ЗОМБУЛУКТУН АЛДЫН-АЛУУГА БАГЫТТАЛГАН ИШ-ЧАРАЛР ӨТКӨРҮЛДҮ

Зордук зомбулуктун алдын алууга багытталган иш-чара Бакыян айылындагы айылдык клубда Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары С.Мамбетова, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Э.Раимбекованын жана райондук билим берүү бөлүмү менен райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн, мектеп окуучуларынын ошондой эле алардын ата-энелеринин катышуусунда өткөрүлүп, жыйында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, жаш өспүрүмдөргө карата  болуп жаткан  зордук-зомбулуктун, өспүрүмдөр тарабынан жасалып жаткан кылмыштуулуктун, рэкетчиликтин, суициддин жана эрте никеге туруунун алдын-алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле жыйынга катышкан ата-энелерге жогорудагы белгиленген маселелердин алдын-алуу максатында  жаш өспүрүм балдар менен кыздардын жүрүм-турумуна көзөмөлдү күчөтүп, коомдогу болуп жаткан жат көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн мугалимдер менен  биргеликте тыгыз иш алып баруу жагы зарыл экендиги белгиленип айтылды.