12.06.2025
Кароолор: (49)
Нурланбек Умаров Айтматов Райондук Мамлекеттик Администрациясынын башчысы-аким болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик
администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине
ылайык Умаров Нурланбек Эшматович Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Айтматов районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өлкөнүн Президенти Садыр Жапаров 11-июнда кол койгон.
Жаңы акимди Айтматов районунун активи менен КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев тааныштырды.
Умаров Нурланбек Эшматович 1976-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. Билими жогорку.
Нурланбек Умаров 2021-2025-жылдары Майлуу-Суу шаарынын мэри кызматын аркалап келген.