28.02.2025
Кароолор: (58)
МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ АРАСЫНДА "МЕКЕНДИ КОРГОО - ЫЙЫК МИЛДЕТ" АТАЛЫШЫНДАГЫ КАРОО-СЫНАК ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн Кызыл-Адыр айылындагы "Семетей" кинотеатрында район аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринин жогору класстарынын окуучуларынын арасында Айтматов райондук мамлекеттик администрациясы, райондук билим берүү бөлүмү, райондук аскер комиссариаты жана райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы №562 токтому менен бекитилген “2020-2030-жылдарга Жаштар саясатынын концепсиясынын” жүзөгө ашыруу жана жаш өспүрүмдөргө карата болуп жаткан зордук-зомбулуктун, өспүрүмдөр тарабынан жасалып жаткан кылмыштуулуктун, рэкетчиликтин, суициддин жана эрте никеге туруунун алдын-алуу максатында "Мекенди коргоо-ыйык милдет" аталышындагы кароо-сынагы өткөрүлдү.
Аталган кароо-сынак эки этап менен өткөрүлүп, биринчи этабы 24-февраль күнү райондун төмөнкү жана жогорку зоналарындагы мектептердин окуучулары арасында өткөрүлүп, финалдык этапка алты команда тандалып алынган.
Тандалып алынган алты команданын ортосунда өткөрүлгөн финалдык таймашка Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Салтанат Мамбетова, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Улан Мамбеткулов жана мектеп окуучулары менен мугалимдер катышып, катышуучуларга күйөрмандык кылышты.
Кароо-сынакта катышуучулар саламдашуу, ыр менен катарда жүрүү жана команданы жактоо, “Мекеним – Кыргызстан” патриоттук темадагы ырларды аткаруу, суроо-жооп жана аскердик таймаш (Белгиленген убактын ичинде автоматты чачып, жыйноо. Противогазды кийүү) боюнча ат салышышып, жыйынтыгында 1-орунду Ч.Айтматов атындагы орто мектеби камсыз кылып, диплом жана 5000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышса, 2-орунду Ж.Субанбеков атындагы орто мектеби ээ болуп, 3000 сом акчалай сыйлык менен жана 3-орунду камсыз кылган Р.Шукурбеков атындагы орто мектеби 2000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Мындан сырткары кароо-сынакка жигердүү катышкан командалар уюштуруучулар тарабынан "Ыраазычылык кат" жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Райондук кароо-сынакка демөөрчүлүк кылгандыгы үчүн Кызыл-Адыр айылындагы "Ырыскы" соода борборуна терең ыраазычылык билдиребиз.





