Көрүүсү начарлар үчүн версия

13.03.2025

Кароолор: (51)

Кызамык ооруусун алдын алуу иш аракеттери

2025-жылдын 13- мартында Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында кызамык ооруусунун алдын алуу максатында райондук штабдын жыйыны болуп өттү.
   Жыйынга Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары С.Мамбетова, Талас облусу боюнча координациялоо функциясы менен Талас райондук оорууларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Ч.Сагындыкова, райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун, райондук санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчилери, айыл аймактарынын ФАП жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери катышышты. 
    Жыйында бүгүнкү күндө кызамык ооруусунун көбөйүп жаткандыгы белгиленип анын алдын алуу максатында жер-жерлерде  кызамык ооруусуна каршы эмдөөдөн баш тарткандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү жагы тапшырылды.