17.12.2025
Кароолор: (3)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТАЛАС ОБЛУСУНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ӨКҮЛҮ ШЕКЕР ЖАНА АМАНБАЕВ АЙЫЛ АЙМАКТАРЫНЫН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
2025-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Айтматов районунун Шекер жана Аманбаев айыл аймактарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө облус жетекчиси Талас облусунда учурда ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык жана социалдык долбоорлор тууралуу маалымат берип, 2026-жылга пландалган иштер менен тааныштырды. Ошондой эле жолугушууга катышкан жарандардын социалдык-экономикалык маселелер, инфраструктура, жол, суу менен камсыздоо, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына байланыштуу суроолоруна кеңири жооп берди.
Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, жергиликтүү тургундар тарабынан көтөрүлгөн сунуш-пикирлерге тиешелүү облустук жана райондук мекеме уюмдардын жетекчилери тарабынан маалыматтар берилди.




