Көрүүсү начарлар үчүн версия

05.03.2025

Кароолор: (58)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ТУУ ЖАНА АК КАЛПАК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына жана 5-март Ак калпак күнүнө карата Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Сагымбаев Бектур Абдыразаковичтин жана райондук мекеме-уюмдардын жетекчилеринин, айыл өкмөт башчыларынын, мугалимдердин, окуучулардын катышуусунда майрамдык иш-чара болуп өттү.

Иш-чарада Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Сагымбаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, мамлекеттик атрибуттарынын маани-маңызына токтолуп, мындан сырткары акыркы жылдары өлкөбүздө улуттук баш кийимибизди даңазоо максатында белгиленип келе жаткан 5-март ак калпак жана туу күнү менен куттуктады.

Майрамдык иш-чара райондун алдыңкы мектептеринин окуучулары жана райондук маданият бөлүмү тарабынан даярдалган концерттик программалар менен коштолду.