Көрүүсү начарлар үчүн версия

10.04.2025

Кароолор: (68)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИ АЙТМАТОВ ЖАНА МАНАС РАЙОНУНУН МУГАЛИМДЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 Бүгүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри  Догдуркул Кендирбаева Айтматов районуна болгон иш-сапарынын алкагында Кызыл-Адыр айылындагы Семетей кинотеатрында райондун билим берүү тармагынын кызматкерлери жана жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушууга Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Салтанат Мамбетова, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Мелисбек Музулманов, Талас усулдук борборунун жетекчиси Салтанат Бейшенова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Самара Жарманбетова жана мектеп директорлору, бала бакча жетекчилери, мугалимдер менен окуучулардын ата-энелери катышышты.

Аталган иш-чарада КРнын Билим берүү  жана илим министри Д.Кендирбаева  "Алтын Казык" билим берүү системасын трансформациялоо программасын ишке ашыруу мененжалпы билим берүү мекемелерин 12 жылдык  билим берүүгө өтүү концепциясынын айланасында өткөрүлүп, жолугушуунун катышуучуларын кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө министр жарандарды жана мугалимдери жеке кабыл алып, алардын көйгөйлөрү менен сунуштарын угуп, тиешелүү жактарга тапшырмаларды берди.