19.06.2025
Кароолор: (28)
ИШКЕРЛЕР МЕНЕН ИШТИ ИЛГЕРИЛЕТҮҮ

Бүгүн Талас облустук инвестициялык кеңештин өкүлдөрү жана Айтматов райондук ишкерлер кеңешинин төрагасы менен алдыдагы өнүгүү багыттар жана инвестициялык кеңештин район деңгээлинде иш алып баруусу боюнча баарлашуу болду. 2025-жылдын 1-июлунда жалпы Айтматов районундагы ишкерлер менен жана бизнеске тиешеси бар мекемелер менен атайын иш-чара уюштуруу пландалды.
Белгилей кетсек Айтматов райондук ишкерлер кеңеши 2021-жылы уюшулуп бир катар жакшы долбоорлорду ишке ашырууда.