27.03.2025
Кароолор: (28)
ЭЛ ӨКҮЛҮ ЭЛДЕН КАБАР АЛДЫ
Бүгүн Кызыл-Адыр айылындагы "Семетей" кинотеатрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мураталиев Марат Молдоновичтин Айтматов районунун эли менен жолугушуусу өткөрүлдү.
Жолугушууга Шекер, Аманбаев жана Кара-Буура айыл өкмөтүнүн жергиликтүү тургундары менен бирге райондук мекеме уюмдардын жетекчилери, билим берүү кызматкерлери катышышып, сугат суу үчүн төлөнө турчу баанын тарифинин көтөрүлгөндүгү, төө буурчактын баасы, газ тартуу, "Чыңгыз Ордо" комплексинин курулушу, курулушу жүрүп бир топ жылдардан бери токтоп пайдаланууга берилбей жаткан социалдык объектилердин курулушун соңуна чыгууга окшогон бир катар маселелер көтөрүлүп, депутат тарабынан маалыматтар берилди.
Ошондой жыйындын соңунда эл өкүлүнүн демилгеси жана Альянс алтын компаниясынын колдоосу менен чек ара менен чектешкен жана бийик тоолуу шарттарда жайгашкан айылдардын мектептерине компьютердик жабдыктар менен бирге заманбап интерактивдүү доскалар тапшырылды.










