Көрүүсү начарлар үчүн версия

07.04.2025

Кароолор: (30)

АМАНБАЕВ АЙЫЛЫНДА 100 ОРУНДУУ БАЛДАР БАКЧАСЫ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Бүгүн Аманбаев айылында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин демөөрчүлүгү менен курулган“Дастан” атындагы балдар бакчасынын ачылыш аземи болуп өттү.

Аталган бала бакчанын ачылышы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-полковник Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичтин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, күч түзүмдөрү менен жергиликтүү тургундардын катышуусунда өткөрүлдү.

Бардык шарттары менен салынган 100 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу 2024-жылы башталып, бир жыл убакыттын аралыгында толугу менен курулуп, пайдаланууга берилди.

Бала бакчага 2022-жылы Кыргыз-Тажик куралдуу кагылышуусунда Баткен облусундагы “Достук” чек ара заставасында начальниктин орун басары кызматында эмгектенип жүрүп баатырларча курман болгон Аманбаев айылынын кулуну Анарбеков Дастан Алмазовичтин ысымы ыйгарылды.