Көрүүсү начарлар үчүн версия

13.06.2025

Кароолор: (29)

АК-ТАЙЛАК МАЗАРЫНА “БАКАЙ АТА” ЭСТЕЛИГИ ТУРГУЗУЛДУ

2025-жылдын 12-июнунда 2023-жылдын жыйынтыгы менен республика боюнча  “Мыкты айыл өкмөтү” аталып 3000000 сом байгеге ээ болгон Аманбаев айыл өкмөтүндө “Мыкты тажрыйбалар жана улуттук дем” атту республикалык семинар-кеңешмеси өткөрүлүп, ага республиканын бардык аймактарынан келген акимдер менен айыл өкмөт башчылары катышышып, тажрыйба алмашты.

Ал эми күндүн экинчи жарымында Аманбаев айыл аймагынын Кара-Сай айылындагы  Ак-Тайлак мазарында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу жана өлкөнүн бардык аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын катышуусунда “Мыкты тажрыйбалар жана улуттук дем” аталышындагы республикалык семинар-кеңешменин алкагында “Бакай Атанын” эстелиги ачылды.

Ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Иманкулов Марат Муканович, Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын Стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы башкармалыктын начальнигинин орун басары Капалбаев Октябрь Эркинович,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Базарбаев Кудайберген Базарбаевич, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Мураталиев Марат Молдонович, Джумабеков Дастан Артисбекович, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Джумаев Эрмат Джумаевич жана Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Умаров Нурланбек Эшматович менен бирге жергиликтүү тургундар, өлкөнүн башка аймактарынан келген коноктор катышышты.

Эстеликтин ачылыш аземинде кыргыз айылы уюшулуп, анда жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, “Кыз узатуу”, “Чач өрүү” жана “Баланы бешикке бөлөө” улуттук каада-салттары менен бирге  келген коноктор даярдалган 10 улуттун улуттук тамак-ашы менен таанышып, даам сызышты.

Ошону менен катар эле иш-чара Кыргыз Улуттук Манас театрынын, К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын жана Айтматов райондук маданият бөлүмүнүн өнөрпоздору тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.