14.07.2025
Кароолор: (57)
АЙТМАТОВ РАЙОНУНУН АЙМАГЫНДА МАССАЛЫК ИШЕМБИЛИКТЕР ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн Айтматов районунун аймагындагы бардык мекеме-уюмдардын жана айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 сандуу “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча” Жарлыгын аткаруу максатында массалык ишембилик өткөрүлдү.
Ишембилик негизинен Суусамыр-Талас-Тараз Эл аралык маанидеги трассасынын аймагында, Кызыл-Адыр айылындагы "Баатырлар аллеясында", Е.Абдилдаев атындагы борбордук паркында жана айыл аймактар менен мекеме-уюмдардын аймактарында өткөрүлүп, белгиленген аймактар толугу менен тазаланып, иретке келтирүү иштери жүргүзүлдү.
Өткөрүлгөн ишембиликке жалпы 700 адам, 15 техника тартылып, тазаланган 15 га жерден 9 тонна таштанды чыгарылды.

