Көрүүсү начарлар үчүн версия

12.04.2025

Кароолор: (17)

АЙТМАТОВ РАЙОНУНУН АЙМАГЫНДА ИШЕМБИЛИКТЕР УЛАНУУДА

Айтматов районунун аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” №305 Жарлыгынын алкагында массалык ишембиликтер өткөрүлдү.

Ишембиликке райондун аймагындагы бардык мекеме-уюмдардын жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, жаштар катышышып, Айтматов-Манас трассасынын жана айыл аймактардын ички көчөлөрүн жана райондук мекеме ишканалардын айлана тегерегин таштандыдан тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары жашыл мурас улуттук өнөктүгүнүн алкагында жазы жалбырактуу 1727,  ийне жалбырак 2802  жалпы 4529 даана көчөт отургузулган.

Ал эми ички чарбалык канал жана арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлүп, 152 км канал тазаланды.
Ишембиликке жалпы 720 адам тартылып, 8,5 тонна таштанды чыгарылды.