Көрүүсү начарлар үчүн версия

15.03.2025

Кароолор: (43)

АЙТМАТОВ РАЙОНУНУН АЙМАГЫНДА ИШЕМБИЛИКТЕР ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн Айтматов районунун аймагындагы бардык мекеме-уюмдардын жана айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 сандуу  “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча” Жарлыгын аткаруу максатында ишембилик өткөрүлдү.

Ишембиликке жалпы 850 адам тартылып, Суусамыр-Талас-Тараз Эл аралык маанидеги трассасынын эки тарабын жана райондук мекеме ишканалардын айлана тегерегин таштандыдан тазалоо иштери жүргүзүлдү.