17.05.2025
Кароолор: (29)
АЙТМАТОВ РАЙОНУНУН АЙМАГЫНДА ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн Айтматов районунун аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” №305 Жарлыгынын алкагында массалык ишембиликтер өткөрүлдү.
Ишембиликке райондун аймагындагы бардык мекеме-уюмдардын жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү тургундар, жаштар катышышып, Суусамыр-Талас-Тараз трассасынын, айыл аймактардын ички көчөлөрү жана райондук мекеме ишканалардын айлана тегерегин таштандыдан тазалоо жана жол боюндагы бак-дарактарды актап сырдоо иштери жүргүзүлдү.
Ишембиликке жалпы 661 адам тартылып, 10,1 тонна таштанды чыгарылды.










