Көрүүсү начарлар үчүн версия

21.03.2025

Кароолор: (62)

АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА НООРУЗ МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

  Нооруз -аруулуктун, тазалыктын, жаңылануунун майрамы.
   Кыргыздарда Нооруз байыртадан баркталып келаткан майрам катары белгиленип келет.
   Бул күнү адамдар жакшылыкка үмүт кылып, үй ичин тазалап, арча менен аласташып, "Ооруу-сыркоо, кырсыктар болбосун" деп, жакшылыкка тилек кылышат. 
     Бүгүн НООРУЗ майрамы Айтматов районунда жакшы маанайда белгиленип, майрамдык салтанат улуттук кийимдерди даңазалоо жүрүшү менен башталып, элечек кийген Умай энелердин арчалап аластоосу менен коштолду. 
   Майрам райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери жана райондук билим берүү борборунун бийчилери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, майрамга келген жарандарыбызга сүмөлөк ооз тийгизилди.
    Иш-чарага катышкан Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы -аким Сагымбаев Бектур Абдыразакович жалпы райондун элин Нооруз майрамы менен куттуктап, өлкөбүздө тынчтык, элибизде ынтымак, биримдик жана ар бир үй бүлөдө жаңылануу болуп, кут береке орноп, бакубат жашоо болушун каалап кетти.