Көрүүсү начарлар үчүн версия

04.03.2025

Кароолор: (41)

АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА КООПСУЗДУКТУ ЖАНА УКУК ТАРТИБИН КАМСЫЗ КЫЛУУ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН ЖЫЙЫНЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн  Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Айтматов районунда коопсуздукту
жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча Координациялык кеңештин жыйыны өткөрүлдү. 
Жыйынга Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, райондун прокурору, КР улуттук  коопсуздук мамлекеттик комитетинин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Айтматов райондук бөлүмүнүн башчысы, районудук ички иштер бөлүмүнүн начальниги жана райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары менен мектеп директорлору катышышты.

Координациялык кеңештин күн тартибинде 3 маселе каралды. 
1️⃣ Координациялык кеңешменин курамына өзгөртүү киргизүү;
2️⃣ Район аймагындагы мектептердеги окуучулар арасындагы "Мектеп рекетчилиги, өспүрүмдөр арасындагы баңгизатты колдонуунун алдын алуу, зордук-зомбулукту жана кылмыштуулукту ооздуктоо, өз өмүрүнө кол салуунун кесепеттерин азайтуу менен бирге, мектеп окуучулары арасындагы буллинг жана кибербуллингке каршы күрөшүү;
3️⃣ Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 18-майындагы №103 “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы жана “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” №60 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы №469 “2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү жөнүндө” токтомунун аткарылышы тууралуу маселелер каралды.

Аталган маселелер боюнча район аймагындагы жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер боюнча райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары С.Мамбетова, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы У.Мамбеткулов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Жарманбетова жана райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Э.Раимбековалар маалымат беришип, алдын-алуу иштерин жүргүзүү боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.

Өткөрүлгөн Координациялык кеңешменин чечими менен бир катар жооптуу кызматкерлерге тартиптик чараларды көрүү жагы сунушталып, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилерине жана айыл өкмөт башчыларына кеңешмеде каралган маселелер боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу жагы тапшырылды.