Көрүүсү начарлар үчүн версия

12.12.2025

Кароолор: (1)

АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ТУУЛГАН КҮНҮНӨ КАРТА ЭСКЕРҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

12-декабрь заманыбыздын залкар жазуучусу, адабияттын алпы Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Кызыл-Адыр айылындагы "Семетей" кинотеатрынын алдындагы жазуучунун айкелине гүл чамбарлар коюлуп, Куран окулуп, эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Эскерүү иш-чарасына Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Мирбек Акымбеков, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, мектеп директорлору менен студенттери катышышты.

Иш-чарада китепкана кызматкерлери тарабынан жазуучуну даңазалаган жана эскерген ыр саптары окулуп, кызматкерлер жазуучунун чыгармаларындагы каармандардын ролун аткарышты.