22.04.2025
Кароолор: (38)
АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЖЕР ЭНЕ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Бүгүн Кызыл-Адыр айылындагы Семетей кинотеатрында 22-апрель Бүткүл дүйнөлүк Жер Эне күнүнө карата окуучулардын экологиялык билимдерин тереңдетүү, жаратылышка болгон сүйүүсүн, жоопкерчилигин жана экологиялык маданиятын калыптандыруу, экологиялык маселелерге коомчулуктун көңүлүн буруу максатында демилгелүү топ экологиялык клуб "Эко Нова" уюму жана Токтогул Бабанов атындагы жалпы билим берүүчү жатак-мектебинде негизделген "Биом", "Глобус" ийримдери менен биргеликте "Этно-экологиялык Брейн-Ринг" акыл таймашы болуп өттү.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Салтанат Мамбетова жана Кыргыз Республикасыныны Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын башчысы Ашимов Бекмурза Маматович менен бирге райондун мугалимдери жана окуучулары катышышты.
Акыл таймаштын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр диплом жана баалуу белектер менен сыйланышты.












