14.03.2025
Кароолор: (98)
АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА АТАЛАР КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 24- июлундагы "Кыргыз Республикасында Аталар күнүн жана энелер күнүн белгилөө жөнүндө" 145 мыйзамынын негизинде 15-март Аталар күнү деп белгиленген.
Бүгүн Айтматов районунда Кызыл-Адыр айылындагы Семетей кинотеатрында биринчи жолу Аталар күнү белгиленип, майрамга арналган иш-чарага райондун бардык аймактарынан аталар келип катышышты.
Өткөрүлгөн иш-чарага Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары С.Мамбетова катышып, аталарды майрамы менен куттуктап, аталардын коомдогу жана үй -бүлөдөгү ордун даңазалап, аларга ыраазычылык билдирүү менен жакшы жылуу сөздөрүн арнап кетти.
Иш-чарада айыл аймактары тарабынан берилген сунуштамалардын негизинде төрт үй -бүлөгө райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан "Үлгүлүү үй-бүлө"номинациясы ыйгарылды.
Иш-чара маданият кызматкерлери жана мектеп окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.













