Көрүүсү начарлар үчүн версия

21.11.2025

Кароолор: (9)

АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА "УЛУТТУК ДЕМ – ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК" УҢГУЖОЛУН ТААНЫТЫМ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ

Бүгүн Айтматов районунда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолу Жарлыгынын негизинде маалыматтык таанытым иш-чарасы өтүп, улуттук нарк-дөөлөттөрдү даңазалаган көргөзмөлөр жана чыгармачылык номерлер көрсөтүлдү.

Иш-чарада улуттук кол өнөрчүлүк, каада-салттар, элдик ырлар жана маданий мурастар көпчүлүккө сунушталды.

Иш-чарага Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурланбек Умаров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин профессору Аскар Медетов, "Кыргыз жолу" фондунун төрайымы Бермет Абдыкеева, "Ыйман" коомдук фондунун төрагасы Жанузак Туран уулу, "Манас Ордо" комплексинин жетекчиси, манасчы Камил Мамадалиев катышышты.