Көрүүсү начарлар үчүн версия

07.04.2025

Кароолор: (30)

АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА 7-АПРЕЛЬ ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯСЫНЫН 15 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

7-апрель Апрель Элдик революциясынын 15 жылдыгына карата Кызыл-Адыр айылындагы баатырлар аллеясында Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Сагымбаев Бектур Абдыразаковичтин, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилеринин, айыл өкмөт башчыларынын жана Апрель Элдик революциясынын баатырларынын катышуусунда эскерүү иш-чарасы болуп өттү. 
Иш-чарада Элдик революциянын баатырларына арналып тургузулган айкелге гүл чамбарлар коюлуп, таазим кылышып, баатырлардын арбагына багышталып Куран окулду.

Ал эми иш-чаранын экинчи бөлүгү "Семетей" кинотеатрында уланып, анда райондук маданият үйүнүн кызматкерлери менен бирге мектеп окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Иш-чаранын кийинки бөлүгүндө айыл өкмөттөр тарабынан баатырларга сый көргөзүлүп, "Айкөл" ресторанында сый тамак берилип, акчалай белектер тапшырылды.