Көрүүсү начарлар үчүн версия

21.04.2025

Кароолор: (47)

АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА 2025-ЖЫЛДЫН 1-КВАРТАЛЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРГАН КОЛЛЕГИЯ БОЛУП ӨТТҮ

Бүгүн Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын кезектеги коллегиясы болуп өттү. 
Коллегияга Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Бектур Сагымбаев баштаган коллегия мүчөлөрү жана айыл аймак башчылары, мекеме-уюмдардын жетекчилери катышышты.

Коллегиянын күн тартибинде 
1. Айтматов районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын январь-март айларынын жыйынтыктары жөнүндө;
2. Жазгы талаачылык жумуштары; 
3. Ар кандай маселелер;

Коллегияда Айтматов районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын январь-март айларынын жыйынтыктары жана жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктар жөнүндө маалыматтар берилди. 
Анда мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 2025-жылдын 1-кварталына карата 105,7 пайызга, республикалык бюджет боюнча план-тапшырма 107,9  пайызга, жергиликүү бюджет боюнча план-тапшырма 102,1 пайызга аткарылган. Негизги капиталга тартылган инвестициянын көлөмү январь-март айларында 87631,6 миң сом болгон болсо, экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү 102,4 % пайыз. Чекене соода жүгүртүү өсүү темпи 102,6  пайызга, автомобиль транспорту 104,3 пайызга, жүргүнчүлөрдү ташуу 106,6  пайызга аткарылган.

Мындан сырткары күн тартибиндеги ар кандай маселелер каралып, жашылдандырып көрктөндүрүүнүн үч айлыгынын алкагында тынымсыз иш аракеттерди жүргүзүү жана дыйкандарга сугат суунун өз убагынан кечиктирбей жеткирүү тапшырмалары тиешелүү жетекчиликтерге берилди.