Көрүүсү начарлар үчүн версия

22.05.2025

Кароолор: (53)

АЙТМАТОВ РАЙОНУНДА 2024-2025-ОКУУ ЖЫЛЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ МЕНЕН ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ

 

Бүгүн Кызыл-Адыр айылындагы “Семетей” кинотеатрында 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгы менен жылдын мыкты окуучуларын сыйлаган “Билимдүү, тарбиялуу жаш муун-өлкөнүн жаркын келечеги!” аталышындагы иш-чара райондук билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Салтанат Мамбетова, райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Мирбек Акымбеков, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Самара Жарманбетова жана район аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдери менен жогорку класстардын окуучулары катышышты. 
Иш-чарада 2024-2025-окуу жыл ичинде коомдук иштерге жигердүү катышуу менен бирге окуудагы алдыңкы жетишкендиктери үчүн окуучуларга “Жылдын мыкты окуучусу”,  “Жылдын мыкты президенти”, “Жылдын мыкты таланттуу окуучусу”, “Жылдын мыкты ойлоп табуучусу”, “Жылдын мыкты кыздар тобу”,  “Жылдын мыкты бийчилер тобу”, “Жылдын мыкты милициянын жаш жардамчысы”, “Жылдын мыкты жол кыймылынын тескөөчүлөрү”, “Жылдын мыкты окуучусу”, “Жылдын мыкты комузчулар тобу” наамадары боюнча жана окуу жыл ичинде окуудагы “Эң жакшы” жетишкендиктери үчүн 300 окуучу дипломдор жана грамоталар менен сыйланышты.

Мындан сырткары Кызыл-Адыр айылында өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан “Арашан” ачык акционердик коому тарабынан иш-чарага келген ар бир окуучуга балмуздактар таратылып берилди.