14.01.2026
Кароолор: (5)
Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурланбек Умаров Шекер жана Чолпонбай айылдарындагы социалдык объектилердин абалы, ошондой эле скважиналар казыла турган аймактар менен жеринен таанышты.
Тактап айтканда, Шекер айылындагы «Чынгыз ааламы» комплекси менен ошол эле айылдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратынын курулушу жана А.Токтогожоев атындагы Көк-Сай орто мектебинде жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жүрүшү текшерилди.
Мындан тышкары, Чолпонбай айылында скважиналар казылып, кошумча суу резервуарлары орнотула турган жерлер, ошондой эле Чолпонбай айылындагы 140 орундуу жана Көк-Дөбө айылындагы 50 орундуу бала бакчалардын курулуш иштери менен таанышып, жооптуу тараптарга курулуш иштерин белгиленген мөөнөттөрдө, сапаттуу жана кечиктирбестен бүткөрүү тапшырмасын берди.




