23.05.2025
Кароолор: (38)
ДЫЙКАНДАРГА СУГАТ СУУСУ ЖАНА АГА БОЛГОН ТАРИФ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ
Бүгүн Чолпонбай айыл аймагынын Жоон-Дөбө жана Жийде айылдары менен Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Шекербек Тургунов, Талас облустук суу чарба башкармасынын жетекчиси Нуржан Назаралиев, Айтматов райондук айыл чарба департаментинин башчысы Ильичбек Көпжашаров, райондук суу чарба башкармасынын жетекчиси Канат Бегматовдун жана Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы Кенжекул Жамакеевдин сугат суусу жана сууга болгон баанын тарифи боюнча дыйкандар менен жолугушуусу өткөрүлдү.
Жеринде өткөрүлгөн жыйында дыйкандарга жазгы сугат иштеринин абалы жана сууга болгон төлөм боюнча толугураак түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, дыйкандардын суроолоруна маалымат берилди.





