Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
УЛУУ ЖАЗУУЧУ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН КАЗА БОЛГОН КҮНҮНӨ КАРАТА ЭСКЕРҮҮ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
Жарыяланган датасы:
10.06.2025, 11:41

Бүгүн Кызыл-Адыр айылындагы Семетей кинотеатрынын алдындагы Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер,заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун айкелинине гүл чамбарлары коюлуп, жазуучуну эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Ага Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин биринчи орун басары Шекербек Тургунов, акимдин орун басары Салтанат Мамбетова жана райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, айыл аймак башчылары катышып, жазуучунун арбагына багышталып Куран окулду.
Эске салсак Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу ооруудан кийин дүйнөдөн кайткан.