Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
“ТУРУКТУУ КООМ – ТАТЫКТУУ ЖАШОО” АТАЛЫШЫНДАГЫ ФОРУМ ӨТКӨРҮЛДҮ
Жарыяланган датасы:
18.12.2025, 16:40
Бүгүн Кызыл-Адыр айылындагы “Семетей” кинотеатрында Талас облустук ички иштер башкармалыгынын 2025-жылдын 3-декабрындагы №343 тескемесин аткаруу максатында Айтматов райондук мамлекеттик администрациясы, райондук ички иштер бөлүмү жана райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте “Зомбулуксуз 16 күн” аталышындагы республикалык акциянын алкагында жыйынтыктоочу “Туруктуу коом – татыктуу жашоо” форуму өткөрүлдү.
Форумга Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурланбек Умаров, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Улан Мамбеткулов, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Эльмира Раимбекова, райондун баш имам хатиби Ислам Куматаев жана райондогу бардык жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары, социалдык педагогдор жана ата-энелер комитеттеринин өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун алдын алуу, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, рэкетчиликти, суицидди жана эрте никеге турууну болтурбоо багытында кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле балдардын укуктарын коргоо, коопсуз жана тынч коомду түзүүдөгү үй-бүлөнүн, мектептин жана коомчулуктун ролу тууралуу маалыматтар берилди.
Мындан тышкары, форумдун алкагында окуучулар тарабынан үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган балдардын жашоо турмушун чагылдырган тарбиялык маанидеги сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлүп, катышуучулардын өзгөчө көңүлүн бурду.
Форум коомдо зомбулукка каршы туруу, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана татыктуу жашоо шарттарын түзүү багытындагы иштерди күчөтүүгө багытталган маанилүү аянтча болду.