Көрүүсү начарлар үчүн версия

Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги

ШЕКЕР АЙЫЛЫНДА "БЕШКЕМПИР УУЛУ АКЫЛ" АТЫНДАГЫ СПОРТ КОМПЛЕКСИ АЧЫЛДЫ

Жарыяланган датасы:

22.05.2025, 08:16

 

Бүгүн Шекер айылында "Бешкемпир уулу Акыл"  атындагы көп функционалдуу спорт комплексинин ачылышы болуп өттү.

Ачылышка Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Мирбек Акымбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Кенжебек Бокоев жана Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыгул Мураталиева жана жергиликтүү тургундар менен бирге спортчулар катышышты.

Жабык типтеги спорттук комплекстин курулушу 2018-жылы айыл элинин жана жаштардын демилгеси менен башталган. 
Курулуш иштерин каржылоо жергиликтүү  бюджеттин, республикалык  бюджеттин, түрткү берүүчү гранттын жана ошондой облустук, райондук өнүктүрүү фонддордун каржылоосу менен жалпы 13206,9  сомго, жалпы аянты 1013,0м2  жерге  жабык типтеги көп функционалдуу спорт комплекси курулган.

Аталган спорт комплексине көп жылдар бою агартуу тармагында эмгектенип жүрүп, дүйнөдөн кайткан Бешкемпир уулу Акыл агайдын ысым ыйгарылды.

Ачылышты утурлай жалпы байге фонду 200 000 сомду түзгөн Бешкемпир уулу Акыл агайдын жаркын элесине арналган спорттун волейбол жана футбол түрү боюнча облустук деңгээлдеги турнир өткөрүлдү.

  Кароолор (29)