Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги
РАЙОНДУН БОРБОРДУК ПАРКЫ ЖАҢЫЛАНАТ
Жарыяланган датасы:
26.02.2025, 16:34
Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Бектур Сагымбаевдин жеке ишкер Болот Абдилдаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында Кызыл-Адыр айылындагы Ералхан Абдилдаев атындагы борбордук паркына жеке ишкер тарабынан оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлөт.
Аталган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен 2025-жылдын 26-февраль күнү жеке ишкер Болот Абдилдаевдин өкүлдөрү келишип пландоо жумуштары менен таанышып кетишти.
Аталган парктын оңдоп-түзөө иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталып, анда парктын ичиндеги эскилиги жеткен бак-дарактар алынып, ордуна ийне жалбырактуу карагайлар менен бирге ак кайыңдын, дубдун көчөттөрү отургузулуп, тамчылатып сугаруу системасы орнотулат.
Мындан сырткары парктагы кичи соода түйүн дүкөндөрүнүн бардыгы бирдиктүү үлгүдө жасалып, кошумча балдар ойноочу аянтчалар менен бирге таман таш төшөлүп, жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт.