Көрүүсү начарлар үчүн версия

Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги

РАЙОН ЖЕТЕКЧИСИ ТАРАЗ–ТАЛАС–СУУСАМЫР ЖОЛУНУН КУРУЛУШ ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШЫП, АНДА ЭМГЕКТЕНГЕН КЫРГЫЗ–КЫТАЙ ЖАРАНДАРЫ ОРТОСУНДАГЫ ПИКИР КЕЛИШПЕСТИКТЕРДИН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ИШ-ЧАРАЛАРДЫ ӨТКӨРДҮ

Жарыяланган датасы:

20.11.2025, 14:01

Айтматов райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нурланбек Умаров Тараз–Талас–Суусамыр эл аралык маанидеги жолунун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен кабар алды.

Анда район жетекчиси жол куруучу компаниянын өкүлдөрү тарабынан жумуш процесси тууралуу кеңири маалымат алып, иштин сапатына жана өз мөөнөтүндө бүтүшүнө көңүл бурууну суранды.

Иш сапардын алкагында Нурланбек Умаров акыркы күндөрү социалдык тармактарда кеңири тарап жаткан кыргыз-кытай жарандарынын ортосундагы пикир келишпестиктер боюнча абалды да талкуулап, кыргыз жумушчулары менен кытай жумушчуларынын ортосундагы келишпестиктердин алдын алуу жагын компаниянын жетекчилигине тапшырды.

Мындан тышкары жол куруу иштеринде эмгектенип жаткан чет өлкөлүк жана жергиликтүү жумушчулар менен жолугуп, этностор аралык ынтымакты сактоону жана ар кандай чатактарга, чагымчыл маалыматтарга алданбоо зарылдыгын эскертип, мыйзам чегинде жүрүм-турумду карманууну талап кылды.

Ошондой эле укук коргоо органдарына коомдук тартипти бекем көзөмөлдөп, аймакта туруктуулукту сактоо боюнча тапшырмалар берилди.

  Кароолор (11)