Көрүүсү начарлар үчүн версия

Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги

РАЙОН ЖЕТЕКЧИСИ КЫЗЫЛ-АДЫР АЙЫЛЫНЫН НЕГИЗГИ КӨЧӨЛӨРҮНДӨГҮ ИРЕТКЕ КЕЛТИРҮҮ ИШТЕРИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Жарыяланган датасы:

07.07.2025, 14:33

Бүгүн район жетекчиси Нурланбек Умаров Кызыл-Адыр айылындагы негизги көчөлөрүн иретке келтирүү максатында Кара-Буура муниципалдык ишканасы жана Айтматов районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы менен биргеликте Ленин, М.Айтматов жана Чолпонбай кочөлөрүнө барды.

Иштин жүрүшүндө район жетекчиси ишкерлик кылып жаткан жеке ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жол боюндагы жарнамалык такталарды алуу, жол жээгиндеги таштандыларды тазалоо боюнча райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы менен муниципалдык ишкананын жетекчилерине тапшырмаларды берди.

  Кароолор (34)