Көрүүсү начарлар үчүн версия

Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги

МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ ПОЛИСИ жана КЫЗАМЫК ООРУУСУН алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Жарыяланган датасы:

25.04.2025, 08:12

 Айтматов районунун Чолпонбай айылынын "Чолпонбай" маданият үйүндө жана Аманбаев айылынын Аманбаев айыл өкмөтүнүн жыйындар залында  Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жарандардын ден соолугун коргоону жана медициналык жардамга муктаж болгон учурда каржылык колдоону камсыз кылынары жөнүндө маалымат берилип, ошондой эле азыркы учурда кызамык ооруусунун кайрадан күч алып жаткандыгы, кызамыкты алдын алуунун эң ишенимдүү жана эффективдүү ыкмасы бул эмдөө экендиги айтылды.

     Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси боюнча Талас аймактык башкармалыгынын директору Эмирбаев Улан Сагынович кызматкерлери менен келип түшүндүрүү иштерин жүргүзсө, кызамык ооруусунун алдын алуу боюнча райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун дарыгерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

  Кароолор (37)