Көрүүсү начарлар үчүн версия

Ишке ашырылуучу долбоорлордун тизмеги

МИЛДЕТТҮҮ МЕДИЦИНАЛЫК КАМСЫЗДАНДЫРУУ БОЮНЧА МААЛЫМАТТЫК ТҮШҮНДҮРҮҮ КОМПАНИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Жарыяланган датасы:

26.05.2025, 10:32

Бүгүн Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында "Кыргыз Республикасындагы жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашыруу максатында жергиликтүү калкка маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Маалыматтык жыйынга милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов, ММК фондунун Талас аймактык башкармалыгынын директору Улан Эмилбаев жана ММК фондусунун өкүлдөрү катышып, маалыматтык жыйындын катышуучуларына "Калктын мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында укуктары жана милдеттери", "ММК полисин алуунун жолдору" темасында баяндама жасашып, тереңдетилген маалыматтарды беришти.

Жыйындын катышуучулары берилген маалыматтарга ылайык, өздөрүнүн кызыктырган суроолорун беришип, жоопторун ала алышты.

Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен боло турган маалыматтык түшүндүрүү иштеринин максаттары белгиленди.

  Кароолор (15)